Учреждение- Общеобразовательная средняя школа №2 имени Арстаналы Осмонбекова Жалал-Абадская область, Аксыйский район, село Ак-Суу

Арыкбаев Аралбек Сагданбекович

Учитель русского языка и литературы

Арыкбаев Аралбек Сагданбекович 1984-жылы Жалал- Абад областына караштуу Көк-Жангак шаарында туулган. 1989-жылы Аксы районунун Ак-Суу айылына көчүп келишкен. 4 бир тууган. Атасы Арыкбаев Сагданбек, апасы Арыкбаева Жайкал, акеси Арыкбаев Дулат, эжелери Арыкбаева Жайнагүл, Арыкбаева Марал. Үй-бүлөдө эн кичүүсү.

1990-жылы А.Осмонбеков атындагы №2 орто мектебинин босогосун аттаган. 2000-жылы аталган мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы ЖАМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүнө тапшырган. Аталган окуу жайды үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 2010-жылы аяктаган.

Үй-бүлөлүү. 2 уул, 2 кыздын атасы. Жубайы Тоялиева Жылдызай мугалим.

Эмгек жолун 2003-2004- жылдары “ Эркин Эл Адабияты” мамлекеттик коомдук-адабий газетасында кабарчы болуп баштаган. 2004-2006- жылдары аталган газетанын башкы редакторунун орун басары, 2006-2008- жылдары Жалал Абад Жазуучулар Союзунун төрагасынын орун басары, 2007-2010- жылдары журналистика багытындагы бир нече эл аралык проекттер менен иштеген. 2009-2010- жылдары ОшТУнун Жалал Абадтагы бөлүмүндө окуу бөлүм  башчасынын жардамчысы, усулчу болуп эмгектенген.

2011- жылдан ушул убака чейин №2 А. Осмонбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келе жатат.