Учреждение- Общеобразовательная средняя школа №2 имени Арстаналы Осмонбекова Жалал-Абадская область, Аксыйский район, село Ак-Суу

О нас

Арстаналы Осмонбеков атындагы №2 жалпы орто билим берүүчү мектеби-мекемеси 1923- жылы 1- сентябрда башталгыч мектеп болуп ачылып, 1936- жылы жалпы билим берүүчү болуп өзгөргөн. Мектеп типтүү, 2 окуу корпусунан турат. №1 окуу корпусу 1987- жылы курулган, 2 кабаттуу.  №2 окуу корпусу 2006- жылы курулган, 1 кабаттуу.  Мектептин жалпы аянты 25730 м², №1 окуу корпусунун аянты 1579,33 м², №2 окуу корпусунун аянты 309,16 м².

Арстаналы Осмонбеков атындагы №2 жалпы орто билим берүүчү мектеби-мекемесинде 2022-2023- окуу жылында (ОШ 1 боюнча) жалпы 911 окуучу, даярдоо классында 78 окуучу билим алууда. Жалпы 39 класс комплектиси бар. (0-11-класс). Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

2021-жылдын 16-мартында мектептин уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиктен мамлекеттик кайра каттоодон өткөн.

Арстаналы Осмонбеков атындагы №2 жалпы орто билим берүүчү мектеби-мекемесинин программаларынын тизмеси:

  1. Негизги жалпы билим берүү.
  2. Орто жалпы билим берүү.

Мекеменин пелагогикалык кенешмесинин, 2022-жылдын 1-февралындагы чечиминин негизинде мектептин директорунун буйругу менен төмөнкүдөй миссиясы кабыл алынган:

“Ата-энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде жөндөмдүү, чыгармачыл, сапаттуу билим алган, ар тараптуу өнүккөн, коомдон өз ордун таба алаган, инсандарды тарбиялоо”.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018- жылдын 5- июлундагы № 894/1 буйругунун негизинде №СС190003933 СЕРТИФИКАТЫ берилген.

Билим берүү уюмунун жетекчиси: Добулбекова Рахат Жусупбековна.

Билим берүү уюмунун жетекчисинин телефон номери: +996772863894.

Билим берүү уюмунун электрондук дареги: [email protected]

Билим берүү уюмунун сайты: https://osmonbekov2.mektebim.kg/

 

Арстаналы Осмонбеков атындагы №2 жалпы орто билим берүүчү мектеби-мекемесинин

кыскача тарыхы

     Аксы районунда биринчи билим очогу азыркы Ак-Суу айылынан башталган. Ак-Суу айылында жалпы чогулуш чакырылып, 1921-жылы Арстаналы мамлекет каражат бере албайт, өзүбүздүн күчүбүз менен мектеп курушубуз керек деп айткан.

Арстаналынын пикирин жалпы эл менен бирге старчын Калназаров Шеки, элүү башылар: Нурболотов Жаманкул, Омуров Абдракман, Карабаев Чойбек, Беккулуев Жолдош, Арзыкулов Сейиткул жана башкалар колдоп чыгышкан. Чогулуштан соң мектеп салынчу жер тандалган. Арадан бир апта өтө бергенде Намангандан 45 устаны Арстаналы ээрчитип келди. Кыш бышырчу цех курула баштады. Таш-Көмүрдөн ат, өгүздөргө каптар менен майда кум ташылып келинди.  Эл оокат-аш, мал, терек жана башка жагынан жардам беришти. 1923-жылы үч тамдан турган мектептин имараты бүтүп, 1-сентябрда ишке берилген. Ал мезгилде республикада саналуу гана мындай чоң  мектептер бар болчу.

Бул мектептен Ы. Сатыбаев, Ы. Биримкулов, Б. Асыранкулов, А. Турдалиев, З. Токторова сыяктуу жүздөгөн алгачкы улуттук интелигенция билим алып, тарбияланышкан. Ак-Суу мектебинин алгачкы директору Качыкеев Сармат (1893-1963), 1986-жылдарга чейин  директор, мугалим болуп иштеген. Ак-Суу мектеби ачылгандан кийин алгачкылардан болуп иштешкен мугалимдер: Атамкулов Кадыркул, Качыкеев Сармат, Сейиткулов Сман, Айдакеев Чомой, Биримкулов Ызабек, Эшеналиев Акмат, Борубаев Ызабек, Карабаев Кайдалы, Жуманалиев Эргеш, Бекмуратов Кундузалы, Дубанаев Султаналы, Керимбеков Кабай, Доолотов Дуйшобай, Нуралиев Кенже жана башкалар 1940- жылга чейин  эмгектенишкен.

Бул мектепте 1925-жылы комсомол уюму уюшулуп, анын жетекчиси Темиркул Умоталиев болгон. Комсомолдук уюмдун атынан “Шам талант”аттуу дубал газета чыгарылган.

Биринчи пионер уюму 1924- жылы түзүлүп, Чоткара Керимбаев жетекчилик кылган. Адегенде пионер уюмунда 27 мүчө болгон. Мектепте ыр-хор кружогу эң жакшы иштегендиктен мектептен Сейиткулова Гулжамила, Омурзаков Момуналы Фрунзедеги жоокерлер слётуна катышууга укук алышкан. Кыргызстандын союздук республика болуп жарыяланышы Ак-Суу айылындагы эмгекчилерге да зор демилге берди. Бул жылдары сабатсыздыкты жоюу боюнча зор иштер жүргүзүлүп, айылдан 271 адам сабаттуу болуп чыгышты. 1937-1941- жылдары колхоз курулушу оңдолду. Элдин илим-билимге болгон умтулуусу өстү. 1938-1939- жылдары Ак-Суу башталгыч мектеби 7 жылдыкка айланды. Мектеп жаңы билимдүү мугалимдер менен толукталды. Алар: Айдаров Г, Орозбаев А, Тойгонбаев, Жоошбаев, Осмоналиев Б, Байыбеков Ы, Айдакеев Ч, Айдакеева С, Муратова Ш.  1936-жылы Ак-Суунун тарыхында биринчи жоокер лагери уюштурулуп, аны Таш-Көмүр шаары шефке алган. Пионер лагеринде Келешбаев Т, Сейиткулов М, Омурзаков М, Атамбаева А. ж.б тарбия беришкен. Жаңы мектеп курулушу  айылдын борбордук бөлүгүндө башталат. Бирок Улуу Ата Мекендик согуштун кесепети мектеп курулушунун бүтүшүнө кедерги болду. Фашистик  Германиянын СССРге кол салышы совет элинин тынчтык эмгегин бузду. Мектепте “Аскер иши” сабагы киргизилди. Жаш өспүрүмдөр колхоздун жумуштарына тартылды. Алар күн сайын иштөөгө милдеттүү болушту, бирок ушундай кыйын күндөрдө да окуу үзгүлтүккө учураган жок. Кан майданга Ак-Суу мектебинде тарбиялангандардан 347 адам жөнөп кетишкен. Тылда да бөтөнчө күжүрмөн иштер уюштурулган. Окуучулардын жардамы менен мектеп 19 ирет тамак-аш, идиш-аяктарды фронт жана аскерлер үчүн жөнөткөн. Мындай уюштуруучулук  иштин башында Тагаева Ороскүлдүн жетекчилиги менен комсомол уюму турган.

Мектеп окуучулары кароосуз же багуусуз калган 27 ата-энени шефке алып, отун-суусуна, малына жана башка жумуштарына жардам берип турушкан. Согуш жылдары мектеп жаш кадрлар менен толукталып, Галиева, Кузнецова, Сайфуллин деген мугалимдер Украинадан келип орус тилинен сабак беришкен. Бул жылдары мекктеп директору болуп  Мырзалиев Абдылдабек иштеген. Согуш мезгилиндеги кыйынчылыктарга карабай Ак-Суудан билим берүү иши дагы алдыга карай өнүгө берген.

1941-1945- жылдары Сейиткулов Медетбек, Чойбекова Жээнайым, Осмонбекова Жамал, Дуйшобаев Сатыбек, Мырзалиев Абдылдабек, Келешбаев Жумабай, Суранбаев Жузупбек, Стамбеков Орозалы мугалим болуп иштеп калышты. Ак-Суу жети жылдык мектеби 1942-1943-окуу жылынан баштап Кара-Жыгач орто мектеби сыяктуу 8-9-класстарга окуучуларды кабыл алып окута баштаган. Мугалимдер коллективи Жумакулов Алимбай, Тотонов Ыманазар, Абасбеков Усон, Орозбаев Суйуналы, Анаркулов Кокон, Байыскулов Табалды, Качкынбаев Тургуналы, Дуйшобаев Сатыбек, Эшмуратова Бубайым, Тыналиева Ырыс, Сатыбалдиев Анаш, Акматов Абдылдабек, Чолпонов Акимбек, Сейиткулова Кундузай, Абасбекова Айша, Толоналиева Касиет, Тотонова Акназар сыяктуу жаңы кадрлар менен толукталды. Согуш аяктагандан кийин мектеп жаңы кадрлар менен толукталып, алар согуштан демобилизацияланган жоокерлер- мектеп директору Сейиткулов Сман, мугалимдер Келешбаев Жумабек, Стамбеков Орозалы жана башкалар болушкан. Төртүнчү беш жылдыкта 3100 орундуу 17 мектеп мамлекеттин эсебинен курулду. Анын ичинде Ак-Суу мектебинин жалпы имараты дагы бар.

1954-1955-окуу жылында Ак-Суу орто мектеби 10-классты биринчи ирет бүтүрдү. Алар  — Добулбеков С, Мейманалиев С, Кожобеков Ж, Шабданов Н, Ташов И, Омурбеков М, Жуманазаров К, Акназаров Н, Шадыбаева Г, Наринчитовдор болгон.

Мамлекет мугалим кадрларын даярдоого ботөнчө көңүл буруп, 1948-жылы   Жалал-Абад шаарында мугалимдерди  даярдоочу эки жылдык институт ачылды. Мектепке анын биринчи  бутүрүүчүлөрү Аранбаев А, Ашымкулов К, Арстанбеков Н, Акматав А, Жумакулов А мугалим болуп келишти. Россиянын Великая Луки шааарынан Зоя Федерова, Анна Федеровалар келишип, орус тилинен сабак беришкен. 1950-жылдан Сейиткулов Медетбек директор болуп иштей баштады. Мугалимдер коллективи жаңы келишкен Арыкбаев Самарбек, Осмоналиев Шапы менен толукталды. 1953-жылдан баштап Абасбеков Молдобек мектеп директору болуп иштей баштайт, Келешбаев Жумабек менен мугалимдер коллективи толукталат. 1955- жылы Шамшиев Жоробек дректорлукка дайындалып, завучтук кызматта Абдылдаев Дуйшонбек иштеп турган. 1957-жылдан баштап Сейиткулов Медетбек кайрадан мектеп директору болуп дайындалат.

1958-жылы СССР Жогорку Совети “Мектептин турмуш менен байланышын оңдоо жөнундө” жана “СССРде элге билим берүү системасын андан ары өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамын кабыл алды. Анда кол эмгек, өндүрүштүк окуу, практика киргизилип, мектеп турмушка мурдагыдан да жакындашты. Бул жылдары сабатсыздыкты жоюу боюнча бир топ иштер жургүзүлдү. Ак-Суу айылында 49 жашка чейинки сабатсыз  адам калган жок. Сабатсыздыкты жоюу иштерине активдүү катышкан, мектептин окуу-тарбия иштерине күн-түн дебей  чуркаган атуулдарыбызга Жумакулов  Алимбай жана Абдылдабек агайларды кошууга болот. Совет мамлекететинин ошол саясаты эң туура иш болуп, ага  чоң көңүл бурулган. Сабаттуу адам коомдук иштерге активдүү катышып, өкмөт менен партиянын саясатын толук түшүнгөн. Бул компания тууралуу Жумакулов Алимбай агай минтип эскерет: “Сабатсыздыкты жоюу үчүн күрөш согуштан кийин дагы өтө катуу жүргүзүлгөн. Анан биздин айылда негизинен 50-жылдардын аягына чейин сабатсыздардан улгайып калгандар, кары-картаңдар эле калды көрүнөт. Калган айылдагы сабатсыздарды мугалимдерге 5-6 дан бөлүп берген. Аларды бош убактыбызда барып үйүндө окутчубуз, окуп, жазып калгандан кийин башталгыч классты бүттү деген документ беришчү.

Мектеп окуучуларын тарбиялоону турмуш жана эмгек менен байланыштыруу максатында, өкмөт менен партиянын мыйзамдарын турмушка ашырып мектеп алдында 1959- жылы мастерсткая курулду. Анын столярдык бөлүмүндө, мугалимдер коллективинде партиялык уюм түзүлөт. Андагы 20га жакын мугалимден үч адам коммунист болгон. Партиялык уюмдун секретарлык кызматын А. Султаналиева аткарган. 1957-2970- жылдары коммунисттердин саны 12 адамга жеткен. Коп жылдар партиялык уюмдун секретары болуп иштеген Акматов Абдылдабек менен Осмонбекова Жамалдын эмгектери мактоого арзыйт. 1961- жылы жаш муундарды тарбиялоодогу эмгегин жогору баалап, партия менен өкмөт, мектептин карыя мугалимдеринин бири Осмонбекова Жамалды “Ардак белгиси “ордени менен сыйлады. Энгельс колхозунун башкармасы Соронбаев Жусупбек 1959- жылы мектепке “ГАЗ-51”маркасындагы 69-72 номерлүү автомашинасын өткөрүп , шопурлукка Атамырзаев Тагайбекти дайындайт. 1965-жылдан тартып мектепке Жуманалиева Орункүл директор болуп дайындалып, завуч болуп Ибраев Бекбоо иштеген. Коллектив физика мугалими Садырова Момой менен толукталган. 1968- жылы мектепке Арстаналы Осмонбековдун ысымы ыйгарылып, директор болуп Торобеков Зулум, завучтук кызматта Бекназаров Туголбай иштей баштаган. Мектеп китепканасына көп коңүл бурулду. Анын башчысы катары Сейиткулова Кундузай көп жылдан бери иштеп келген. Китеп фондусунда 1970- жылы 4315 китеп болгон. 1963- жылы кыргыз элинин Россияга кошулушунун 100 жылдык юбилейине байланыштуу мектептер аралык орус тили боюнча фестиваль өткөрүлүп, мектеп райондо 3- орунду ээлеген.

1972-жылдан баштап директор болуп Жумакулов Алымбай иштеп баштаган. 1972-жылы Ак-Суу кой чарба совхозу уюштурулуп, анын алгачкы директору болуп Малик Эргешов дайындалган. 1975- жылы малчылардын балдары үчүн  40 орундуу интернат курдуруп берди. 1976- жылдан тартып Эргешова Өктөмкан мектеп директору болуп иштеген. 1977- жылы мектептин өндүрүштүк бригадасы Ак-Суу совхозунан 10 гектар жер бөлдүрүп алып, ар гектарынан 250 тонна жашыл масса алып беришти. Анын жетекчиси катары Турдубаев Куштарбек иштеген. 1979- жылдан баштап мектеп директору Акматов Абдылдабек, завуч  Биримкулов Туголбай иштеп, 1979-80- окуу жылында 43 мугалимге, окуучулардын саны 756га жеткен. 1982- жылы мектепке  облОНО тарабынан Т-28 маркасындагы трактор берилип, мектеп окуучулары айыл чарба техникасын окуп үйрөнүүгө мүмкүндүк алышты. СССРдин  60 жылдык юбилейине карата  Сейиткулов Медетбек СССРдин Эл агартуу отличниги, орус тили мугалими Кадырова Тамара “Кыргыз СССРнин Эл агартуу отличниги” деген наамдарга жетишишти. Ал эми география мугалими Келешбаев Ажыбай “Эмгектеги каармандыгы үчүн Медаль ” менен сыйланды. Анын албан эмгеги менен райондогу эң мыкты география  аянтчасы курулган.

Кыргыз фильм кино жаатынан Рамадуллин баш болгон чыгармачыл коллективи Арстаналы Осмонбеков атындагы орто мектебинин тарыхына жана биринчи кыргыз атчандар дивизионунун уюштуруучусу А.Осмонбековдун өмүрү, ишмердигине байланыштуу документалдуу фильмди жараткан.  Ушул жылдары партиянын азык-түлүк программасына ылайык мектептин көмөкчү чарбасын өстүрүүгө көп көңүл бурулду. Мектептин директору Акматов Абдылдабектин  талыкпас аракети менен  эчкинин башы 73ко, уй музоолор 5 башка жетти.  1985- жылдан баштап мектеп директору Добулбеков Нурмат окуу бөлүмүнүн башчысы Назарбаев Суйуналы, окуу тарбия боюнча директордун орун басарлыгына Чоюбекова Тинатиндер иштеди.  1986-жылы мектеп директорлугуна Бекмуратов Тажибай дайындалып, организатор болуп Сооронбаева Гулжакан иштеп калды. 1986-жылы мектептин жаңы 360 орундуу имаратынын курулушу башталып, 1987-жылы 1-сентябрында ишке берилген. Ошондо мектепте 53 мугалим иштеп, 31 жогорку билимдүү адистер болушкан. Окуу тарбия ишинде өзгөчөлөнгөн мугалимдерге Жумакулов Алимбайга, Акматов Абдылдабекке, Келешбаев Ажыбайга, Тажимбаева Кишимге, Дуйшобаев Сатыбекке, Назарбаев Суйуналыга Эл Агартуунун Отличниги деген наамдар берилген. Арстаналы Осмонбеков атындагы орто мектебинде өз мезгилине жараша жаштарга билим жана тарбия берүүнү чыгармачылык менен уланткан усулчу мугалимдер өсүп  чыгышты. Байыскулов Таабалды, Бекназаров Туголбай, Добулбеков Нурмат, Тажибаев Омуралы, Сооронбаева Гулжакан, Муратбекова Упакан, Атабеков Алимбай, Арыкбаева Рысбулөр методист мугалим, ага-мугалим наамдарына жетишти. 1989-жылдан баштап Токтобаев Чыныбек директор болуп иштей баштаган жана окуу бөлүмүнүн башчысы Назарбаев Суйуналы болгон. Организатор Сооронбаева Гулжакан, башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы болуп Доулбеков Нурмат иштеген.1989-ж  мектеп ысмын алып жургөн Арстаналы Осмонбековдун музейи тарых мугалими Тажибаев Омуралынын демилгеси жана жетекчилиги менен уюштуруунун 400дон ашуун экспонаттар коюлган. Музейди уюштурууга 1979- жылы ушул мектепти бүтургөн окуучулар демөөрчүлук кылышкан. Музейди жасалгалоодо ушул мектепте окуп кеткен жана Көркөм Академияны бүтүргөн Майлиев Панарбек чон салым кошту.

Мектеп   жамаатынын окутуп тарбиялоо ишиндеги аракеттеринин акыбети кайтып 1976- жылы Шарапиев Абжалбек алтын медаль менен, 1990- жылы Тампагарова Кишимжан, Доулбекова Гүлзат күмүш медаль, 1991- жылы Рыскулова Нүргүл күмүш медаль, 1992- жылы Надырбеков Айбек, Камчыбекова Кыял, Добулбекова Назира күмүш медаль, 1993 жылы Омуралиев Гулжигит алтын медаль, 1996- жылы Надырбекова Гулиза алтын медаль менен мектепти аякташты. 1998-жылы Сорос фондусунан А.Осмонбеков атындагы орто мектебине 20 миң сомдук мугалимдер жана окуучулар үчүн өтө керектүү китептер, техникалык каражаттар берилген. Мектептин спорт залын оңдоо үчүн Бекмуратов Тажибайдын түзгөн долбоору өтуп, 2004-2005-жылдары АРИС уюму тарабынан толук оңдолуп берилди. 2006-жылы АРИС долбоору тарабынан башталгыч класстардын окуу имараты курулду.

Эмблема

О нас

 

Мектептин миссиясы

“Ата-энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде жөндөмдүү, чыгармачыл, сапаттуу билим алган, ар тараптуу өнүккөн, коомдон өз ордун таба алаган, инсандарды тарбиялоо”.