Учреждение- Общеобразовательная средняя школа №2 имени Арстаналы Осмонбекова Жалал-Абадская область, Аксыйский район, село Ак-Суу

Сейитбекова Бүбүйна Кошалиевна

Глава методического объединение географии, биологии и химии

Сейитбекова Бүбүйна 1988- жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Райкомол айылында туулган. 5 бир тууган, 4 уул 1 кыз. Атасы Сейитбеков Кошалы жумушчу, апасы Доулова Мунара мугалим болуп эмгектенет. Бүбүйна үй бүлөдө экинчиси.

1995-жылы №20 О. Ташкулов атындагы орто мектебинин босогосун аттаган. Аталган мектепте 6-класска чейин билим алып, 2002-жылы Таш-Көмүр шаарындагы №7 К.Күзөмбаев атындагы орто мектебине которулган. Ал жерде 5 жыл билим алып, 2006-жылы мектепти аяктаган. Ошол эле 2006-жылы ЖАМУга “биология” адистигине окууга тапшырган. Аталган университетти 2011-жылы аяктаган.

2007-жылы Аксы районуна караштуу  Ак-Суу айылына келин болуп, эмгек жолун А.Осмонбеков атындагы №2 жалпы орто билим берүүчү мектебинен баштаган. 3 кыз, 2 уулдун сүйүктүү энеси. Жолдошу Көкүмбаев Кубаныч жумушчу.  Кызы Тажымырзаева Айбийке 2008-жылы, уулу Тажымырзаев Айтеңир 2010-жылы, кызы Тажымырзаева Айэлина 2013-жылы, кызы Тажымырзаева Аделина 2017-жылы ,уулу Тажымырзаев Элдар 2019-жылы туулган. Үзүрлүү эмгеги үчүн мектептин жана айыл өкмөттүн “Ардак грамотосы” менен сыйланган.

Азыркы учурда ушул эле мектепте эмгек жолун улантууда. 6- “а” классынын класс жетекчиси.