Учреждение- Общеобразовательная средняя школа №2 имени Арстаналы Осмонбекова Жалал-Абадская область, Аксыйский район, село Ак-Суу

Добулбекова Рахат Жусупбековна

Директор

Добулбекова Рахат Жусупбековна 1978-жылдын 7-ноябрында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган. 1985-жылы ошол эле айылдагы Кызыл-Жар орто мектебине 1-класска кирип, аны 1996-жылы 11-классты ийгилитүү аяктаган. 1996-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин география адистигине тапшырып, ал окуу жайды 2001-жылы ийгиликтүү бутөргөн.

Турмуш шартына байланыштуу  2001-жылы 1-сентябрда Аксы районундагы Ак-Суу айылындагы А Осмонбеков атындагы №2 жалпы орто билим берүүчү мектебине геогафия мугалими болуп иш жолун баштаган. Иштеп жатып көптөгөн ийгиликтерге жеткен.

2011-жылдын ноябрь айында ушул мектепке окуу бөлүм башчысы болуп шайланып , 2016-жылдын ноябрына чейин иштеп, 2017-жылдын январь айынан мектептин соц.педагогу болуп дайындалып иштеп жатып, которуу жолу менен 2019-жылдын 4-сентябрынан ушул эле мектепке коллективдин сунушу менен директор болуп иштеп келе жатат.

2019-жылдан 2022-жылдын ноябрь айына чейин көптөгөн ийгиликтерди жаратып келди. 2020-жылдын март айындагы райондук спортакиядада район боюнча 65 мектептин ичинен эжекелер  1-орунду ээлешип, областан 3чү орунду багындырды.

Мектептин  жылытуу системасы аябай оор акыбалда болгон эле, 3млн сомго СТИМ гранттын эсебинен аябай аракет жасап жанылады.

Кандай олимпиада конкурстар болсо дайыма колдоо корсотуп келет.

Алган сыйлыктары: 2011-жылы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы.

2015-жылы Аксы райондук администрациясынын грамотасы.

2016-жылы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн грамотасы.

2020-жылы “Кыргыз Туусу”басма үйүнүн “Жылдын мыкты жетекчиси”төш белгиси менен сыйланган.

2021-жылы Кыргыз республикасынын жогорку кенешинин “Ыраазычык каты” менен сыйланган.

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим министрлигинин грамотасы менен сыйланган.

Азыркы учурда мектеп жамааты менен ынтымакта иштеп келе жатат. Үй-бүлөлүү эки уул, бир кыздын  энеси.