Учреждение- Общеобразовательная средняя школа №2 имени Арстаналы Осмонбекова Жалал-Абадская область, Аксыйский район, село Ак-Суу

Алымкулова Анара Арзыкуловна

Заместитель директора по учебной- воспитательной работе

Өмүр баян

Алымкулова Анара Арзыкуловна 1982 -жылдын 4-августунда     Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарында  туулгам. 1984-жылдан 1989-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү бакчасында тарбияланып,  ошол эле жылы Кербен шаарындагы №35 Т.Умөталиев атындагы орто мектебине 1-класска кирип, аны 1999-жылы 11-классты ийгилитүү аяктаганмын. 1999-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин информатика  адистигине тапшырып, ал окуу жайды 2005-жылы ийгиликтүү бутөргөнмүн.

РБББнүн сунуштамасы 2001-жылы 10-ноябрынан баштап  Аксы районун Кербен шаарында №36 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине информатика мугалтими болуп жумушка орногонмун. Ал жерде иштеп жүрүп, турмуш шартыма байланыштуу 2009-жылы 1-сентябрда Кербен шаарындагы №35 Т.Умөталиев атындагы орто мектебине информатика мугалими болуп которулдум.

Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 2006-жылдын 20-августунан  Ак-Суу айылындагы А Осмонбеков атындагы №2 жалпы орто билим берүүчү мектебине информатика мугалим болуп которулуп  иштеп жатамын. Иштеп  жатып көптөгөн ийгиликтерге жеттим.

2019—жылдын сентябрь айында  айында ушул мектепке окуу бөлүм башчысы болуп шайланып  иштеп келе жатамын.

2022-жылы “Аймак” газетасына макалам жарыяланган.

Кандай олимпиада конкурстар болсо дайыма колдоо корсотуп келемин.

Алган сыйлыктарым: 2006-жылы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы.

2011-жылы Аксы мамалекеттик администрациянын ардак грамотасы

2015-жылы Аксы райондук администрациясынын грамотасы.

2015-жылы Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн грамотасы.

2015-жылы Жалал-Абад усулдук болборунун ардак грамотасы

2016-жылы Жалал-Абад усулдук болборунун ардак грамотасы

2019-жылы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн грамотасы.

2021-жылы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн грамотасы.

Азыркы учурда мектеп жамааты менен ынтымакта иштеп келе жатамын.

Үй-бүлөлүүмүн үч кыздын  энесимин.