Нарбаева Нуржан Эсенкуловна

Орус тили жана адабияты, англис тили усулдук бирикмесинин башчысы

Мен Нарбаева Нуржан Эсенкуловна 1976-жылы 8-декабрда Аксы районунун Кербен шаарында төрөлгөн.Мектепке чейин чоӊ ата, чоӊ  энемдин колунда тарбияландым. 1984-жылы Кербен шаарындагы Ильич атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 1994-жылы 11-классты ийгиликтүү аяктадым. Ошол эле жылы Кербендеги №69 кесиптик-лицейиндеги тигуучу-токуучу болумун аяктагам.1996-жылы Ак-Суу айылына турмуш жолуна аттандым. 2005-жылы ЖАГУ нун Филология бөлумунун  орус тили жана адабияты бөлумүнө тапшырып, аны 2011-жылы ийгиликтуу аяктадым. 2009-жылдан бери Ак-Суу айылындагы жалпы билим беруучу орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими эмгектенип келе жатам.Учурда 6 баланын ардактуу энесимин. Жолдошум мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенет. Улуу кызым Айдана Ош шаарында медицина факультетин ийгиликтүү аяктап азыркы учурда ординатурада 2-курста окуйт. Балам Өмурбек Ош шаарындагы Мамлекеттик университетинин Юридика факультетин аяктады. Андан кийин Асыл ОшМУнун энергетика бөлумундө 2-курста окуйт. Асел ОшМУнун чет тили факультетинде 2-курста окуйт.Айжана мектепте 11-класста окуйт,ал эми Акылай 5-класстын окуучусу.

Эмгек стажым 15-жыл.