Маметова Рапхан Акбиевна

Башталгыч класстарынын окуу бөлүм башчысы

Мен Маметова Рапхан Акбиевна 1965- жылы 17- августта Ош областынын, Өзгөн районуна караштуу  Куршаб айылында туулгам. 1980-1984- жылдары Жалал-Абад шаарындагы Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайында окугам. 2004-2010- жылдары Жалал-Абад Мамлекеттик Университетин бүтүргөм. 1998- жылы «Жыл мугалими» конкурсуна катышып, алдыңкы орунга ээ болдум.

2010- жылы РББнүн «Ардак Грамотасына» татыдым.

2011- жылы «КРББнүн Отличниги» төш белгиси менен сыйландым.

2014- жылы А. Осмонбеков атындагы жалпы билим беүүчү орто мектебинин Башталгыч класстарынын окуу бөлүм башчысы болуп дайындалдым.

Азыркы учурда А. Осмонбеков атындагы жалпы билим беүүчү орто мектебинде эмгектенип келе жатам.