Кайдалиева Кымбат Абасовна

Уюштуруучу

Кайдалиева Кымбат Абасовна 1982-жылы 11-октябрда Аксы районунун Ак-Суу айылында туулган. Атасы Кайдалиев Абас- мугалим болуп иштеген , учурда пенсионер. Энеси Кайдалиева Жөжөкан-11 уул жана кызды тарбиялап өстүргөн, пенсионер.

Кайдалиева Кымбат Абасовна 1988-жылы Ак-Суу айылындагы А.Осмонбеков атындагы №2 жалпы орто билим берүүчү мектебине даярдоо классына кирип, 1999-жылы мектепти ийгиликтүү жетишкендиктер менен аяктаган. 2000-жылы Бишкек шаарындагы педагогикалык колледжге тапшырып, 2002-жылы “Башталгыч классынын мугалими” адистигине ээ болуп, “Мугалим” квалификациясы ыйгарылган. 2003-жылы Ак-Суу айылындагы А.Осмонбеков атындагы №2 мектебине Башталгыч классынын мугалими болуп ишке кирген. 2007- жылы билимин жогорулатуу үчүн Жалал-Абад Мамлекеттик Университетине (ЖАМУга) тапшырып, 2011-жылы  “Кыргыз тили жана адабияты мугалими” кесибинин ээси болуп, ийгиликтүү аяктаган. А.Осмонбеков атындагы №2  мектебинде көптөгөн ийгиликтерге жетишип иштеп келүүдө. 2014- жылы “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагына катышып, кароо-сынакта мектептен жана зонадан 1-орунга ээ болуп, райондо өтүлүүчү “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагына катышып, 3-орунду ээ болуп, Ысык-Көлгө жолдомо алып барып келген. 2014-жылы “Ойлор, ойлор” деген темада Кыргыз туусу газетасына ыр чыгарган. 2022-жылы “Мугалимдер дүйнөсү” газетасына октябрь айында “Мен боломун бул кесиптин чын ээси” деген темада ыры чыкты. 2020-2021- окуу жылынын башталышында  мектепте коллективдин сунушу менен Директордун  мектептен жана класстан тышкаркы иштер боюнча орун басары  (уюштуруучу) болуп шайланган.

Учурда мектепте Директордун  мектептен жана класстан тышкаркы иштер боюнча орун басары  (уюштуруучу) болуп иштеп, көптөгөн ийгиликтүү иштерди алып барууда.

2014-жылы мектептин жана райондун грамоталары менен сыйланган , 2021- жылы Ак-Суу айыл өкмөту тарабынан Ардак грамота менен сыйланды, 2022-жылы да эң жакшы ийгиликтерге жетишкендиги үчүн Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан Ардак грамотасы менен сыйланды.

Уй-бүлөлүү, 4 уул, 2 кыздын энеси.