Атаева Алымкан Камбаровна

Математика, физика жана информатика усулдук бирикмесинин башчысы

Атаева Алымкан Камбаровна 1979-жылы 1-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун (Жаңы Жол) районунун Үч коргон айылында туулган. 11 бир тууган 5 кыз, 6 уул. Атасы Атаев Камбар, апасы Атаева Рысбүбү пенсионер.

Бүгүнкү күндө апам ардактуу эс алууда.Алымкан үй-бүлөдө сегизинчи. 1986-жылы №32 К.Жакыпов (О.Көчкөнов) атындагы орто мектебинин босогосун аттаган.Аталган мектепти 1996-жылы мектепти аяктап.ОшМУнун физика жана астраномия бөлүмүнө тапшырган .Аталган университетти 2001-жылы аяктаган.2001-жылы Аксы районуна караштуу Үч-коргон айыл өкмөтүндөгү О.Көчкөнов атындагы №32 орто мектебинин эмгек жолун баштаган.2003-жылы турмуш шартына байланыштуу А.Осмонбеков атындагы №2 орто мектебине келип эмгек жолун улантууда. 2019-2020-окуу жылында окуу бөлүмүнүн башчысы, 2020-2021-окуу жылынан баштап ушул күнгө чейин математика,информатика жана физика усулдук бирикмесин жетектейт. 3 уул, 2 кыздын сүйүктүү энеси, жолдошу Орозбаев Нурланбек МЧС те жумушчу.

Жаш муундарды тарбиялоодо татыктуу тарбия берип, үзүрлүү эмгеги үчүн мектептин, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн, Аксы районунун акимчилигинин бир нече” Ардак грамоталары” менен сыйланган.

Азыркы учурда ушул эле мектепте эмгек жолун улантууда.