МЕКТЕП АГАЙЛАРГА МУКТАЖ
Технология жана маалымат — бул жөн гана курал. Балдардын калыптанышына түрткү берүү жагынан мугалим баарынан маанилүү. Билл Гейтс.
Мектеп — картада белгиленбеген кичинекей өлкө. Мектеп — өз алдынча дүйнө, анда ар бир күн мурункусунан айырмаланат. Бул жерде ар бир көз ирмем жаңы жана кызыктуу. Ар бир окуучу келечектин куруучусу.
Мен кичинекей кезимден бери эң туруктуу, эң чыдамдуу, эң ак ниет, эң жоопкерчиликтүү, эң боорукер жана эң таң калыштуу адамдар гана тил табыша турган бул кичинекей өлкөнүн туруктуу жашоочуларына суктанчумун. Бул өлкөнүн жашоочулары — мугалимдер.
Жашоо бир ордунда турбайт, баары жылып, өзгөрөт, бирок мектеп артта калбайт, балдар менен бирге өнүгүп, жашарып баратат. Ал эми мугалим канча жашта болбосун, түбөлүк жаш бойдон кала берет. Биздин окуучулар мугалимдерди карытып жиберишпейт. Бул, албетте, абдан жакшы.
Сабак бүттү, балдар кабинеттен чыгууга шашылбайт, канааттанбай ар түрдүү суроолорду берип отурушат. Бул күн бекер өткөн жок дегенди билдирет. Маанилүү иш кылдыңыз, балким бирөөгө жардам бергендирсиз. Ушундай учурлар мугалимди бактылуу кылат.
Мектепте окуп жүргөндө эле мугалимдердин башкаларды үйрөтүүгө болгон талыкпас умтулуусу, токтоолугу, окуучуга дайыма жардам берүүгө даярдыгы, бирге кубанып, кайгырып турганы мени ар дайым кызыктырчу.
Баарлашуу ар бир адамдын ачкычы деп эсептейм. Баарлашуу аркылуу гана сабакта окуучулар шектенген дүйнөнү ача аласың.Окуучулардын ишке, сабакка, предметке, мугалимге болгон мамилеси баарыдан мурда мугалимдин өзүнүн ишине болгон мамилесине, анын билимине, талантына жана ар кандай формаларды колдоно билүүсүнө жараша болот.
Окуучу жакшы окуш үчүн анын каалоо менен окуусу зарыл. Чынында мээримин төккөн адам, бир нерсеге кызыкпай, сүйбөй караган кишиге караганда алда канча эрк, өжөрлүк, чыдамкайлык, көрсөтөт. Андыктан окуучуларда окууга эмоционалдык, позитивдүү мамилени ойготуу абдан маанилүү.
Мектепте эркек мугалимдерге муктаждык бар. Себеби эжекелер жаратылышынан назик, боорукер жана мээримдүү келишет. Азыркы эркек балдардын кулк- мүнөзү, сүйлөгөн сөзү, журүм туруму, ой жүгүртүүсү, ал тургай мамилелери да аял затына окшоп бара жатат. Сабакты талап кылып урушуп катуу сүйлөп койсоң, ыйламсырап, баштарын жерге салып туруп беришет. Убаданы аткарышпайт, сөзүнө турбайт. Жоопкерчиликти сезишпейт. Албетте баары эмес. Токтоо, сабырдуу, ар намыстуу, эр жүрөк жигиттерди тарбиялоо үйдө атанын милдети болсо, мектепте агайлардын милдети.
Элибизде мурунтан эле “Атаң үйдө отурса, там башына чыкпагын”, “Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла”, “Атанын тилдегени — баласын бил дегени”, — дешип аталарыбыздан айбыгып турушар эле.
Мектепте эркек мугалимдердин орду чоң мааниге ээ. Бала бакчадан тарта мектепти аяктаганга чейин окуучулар көбүн эсе эжекелерди гана көрүшөт.
Мугалимдик — бул психикалык катуу сокку жана кырдаалдын тынымсыз, кескин өзгөрүлүп туруусу. Бир гана сабак — 45 мүнөттө чыңалуу, кырдаалдар секунд сайын өзгөрүп турат. Күтүлбөгөн суроо, баалоо, таразалоо, чечим чыгаруу, мурдатан ойлонулган сабактын планын толугу менен бузуу, иш-аракеттин бир түрүнөн экинчисине тынымсыз өтүү. Ушундай абалда 30 окуучуну, классты көзөмөлдөп, көз алдыңда кармап турушуң керек.
Аялдар басымдуулук кылган мугалимдер жамаатындагы климат да бузулган. Алар эркектерге мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болууга аргасыз болушат, катаал, күчтүү, чечкиндүү болууга умтулушуп, эмоционалдык жактан талкаланышат. Бул балдардын тарбиясына терс таасирин тийгизбей кое албайт.
Жагымсыз чөйрөнүн таасири астында телевизордун, интернеттин, компьютердик оюндардын кесепети, окуучулардын агрессивдүүлүгү күчөп жатат. Рэкетчилик, психологиялык басмырлоо барган сайын тез-тез кездешүүдө. Албетте бул жагдайды чечүүдө эжекелерге караганда агайлардын таасири күчтүүрөк.
Тарых барактарына көз салсак, Россияда гимназияда иштеген мугалимдердин көбү эркектер болгон. 1911-жылы гана орто мектептерде аялдарга сабак берүүгө уруксат берилген.
Көптөгөн жаштар мектептен үлгү алышат. Адамды адам гана тарбиялай алат. Өспүрүмдүн калыптануусуна тажырыйбалуу инсан керек, себеби ал үлгү боло алат. Мектепте, көчөдө, үйдө тажырыйбалуу инсандын болуусу шарт, бирок ал дайыма эле табыла бербейт. Өспүрүмдөргө эркектик жакшы сапаттардын баарысын алып жүргөн адамдын жүрүм-турумунун үлгүсү керек. Эгерде ал табылбаса, кылмыштуу топтордон, кинолордон, жада калса криминал чөйрөсүнөн үлгү табат. Мектептеги азыркы рэкетчиликтин, зордук-зомбулуктун бирден бир себеби ушул.
Европа өлкөлөрүндө эркек мугалимдердин үлүшү төмөндөгөндө эркектерди мектепке тартуу боюнча программалар иштелип чыккан. Мисалы Улуу Британияда эркек мугалимдердин айлык маянасын 20% га көтөрүшкөн жана атайын жеңилдиктер да бар. Мугалимдин карьерасынын жеткен чеги — директорлук. Бул кызмат чарбалык жана финансылык болуп эсептелет. Акыркы жылдары бул кызматты ээлеген эжекелердин саны көбөйүп барууда.
Окуучуларга карата айтылган эркек мугалимдин сөзү эжекелердикине караганда салмактуу болот. Бала бакчадан баштап, мектепти аяктаганга чейин балдар жалаң гана аялдарды көрүшсө жана угушса, толук кандуу тарбия болушу мүмкүнбү? Бизде канча бузулган үй-бүлө бар? Натыйжада, окуучулар жүрүм-турумдун, тарбиянын аялдык көз карашын гана байкап, кабыл алышат. Мектептин стратегиялык өнүктүрүү программасына бул көйгөйдү кошуу зарыл жана эркектерди мектепке тартуу боюнча чаралар камтылышы керек.
Комментарии